19-июнга карата аба ырайы

19:31, 18 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 19-июнда күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +30...+32 градус ысык.