Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы жетекчи дайындалды

19:16, 18 июня 2024, Бишкек - 24.kg

«Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасы болуп Темиркул Балтабаев дайындалды. Мындай чечим компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 18-июнда кабыл алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Темиркул Балтабаев «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

Бүгүн, 18-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалган.