Бишкекте сарай өрттөнүп кетти

14:12, 18 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте катуу өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарай өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.