11:16, 18 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргыз тилинде ар бир жаныбардын чыгарган үнүнө жараша өзүнүн аталышы бар. Аларды билбесеңер үйрөнүп алгыла:
Бөдөнө — бытпылдыктайт
Төө — боздойт
Буура — бакырат
Жылкы — кишенейт
Уй — мөөрөйт
Эшек — айкырат, аңгырайт
Айгыр — кишенейт
Кой-эчки — маарайт
Кочкор — маарайт, мекиренет
Ит — үрөт, улуйт
Күчүк — кыңшылайт
Карышкыр — улуйт
Мышык — мыёолойт
Жылан — ышкырат
Тоок — кукулуктайт, какылыктайт
Короз — кыйкырат
Жөжө — чыйпылдайт
Чымчык — чыйпылдайт
Сагызган — шакылдайт
Арстан — күрүлдөйт
Чегиртке — чырылдайт
Каз — какылдайт
Бака — чардайт
Күкүк — күкүктөйт
Коңуз — ызылдайт
Аары — ызылдайт
Карга — каркылдайт
Балапан — чырылдайт
Чөө — чуулдайт
Түлкү — үрөт
Бугу — маарайт
Бүркүт — шаңшыйт
Чакчагай — чакылдайт
Булбул сайрайт
Каман күркүрөйт
Суур ышкырат, аңкыштайт
Чычкан чыйылдайт...