02:36
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандын 44,9 миң гектар айдоо аянтынан чегирткелер жок кылынды

Кыргызстанда 44 миң 950 гектардан ашык жерден чегиртке жок кылынды. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зыянкечтер 54 миң 795 гектардан табылган. Эксперттердин айтымында, 2024-жылы 65 миң гектар жерге чегирткелер таралышы мүмкүн. Аларга каршы күрөшүүгө республикалык бюджеттен 33 млн 537,8 миң сом каралган.

«Аба ырайынын жана климаттык шарттардын жагымдуулугуна байланыштуу мурда чегирткелер болбогон аймактарда алардын саны кескин көбөйүүдө. Адистердин айтымында, зыянкечтер 90 миң гектарда эгилгендерди жок кылышы мүмкүн», — деп белгилейт министрликтен.

Чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн: 13 даана атайын техника, 9 даана уулуу заттарды чачуучу техникалар,3 даана пестициддер, 12 даана тракторлор даярдалды.

Маалымат үчүн

Кыргызстанда чегирткелердин 50дөн ашык түрү кездешет. Алар үйүрү менен жана жалгыз болуп экиге бөлүнөт. Үйүрү менен Марокко жана Италия чегирткелери кирет. Бул эки түрдүн башкалардан айырмаланып, алар чоң аянттарга жайылып, айыл чарбага олуттуу зыян келтирет. Зыянкечтер бир күндө 100 километр учуп кете алышат. 500 миң чегиртке күнүнө 2 миң 500 адамга жете турган азыктарын жейт, бир ургаачысы 40тан 80ге чейин жумуртка тууйт.

Эң көп окулган жаңылыктар