18:53, 14 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча актоо өкүмү чыккандан кийин айыпталуучуларды жана судья Марат Садыковду кол чабуулар, кыйкырыктар менен тосуп алышты.
Кемпир-Абад иши боюнча катышкандардын тизмеси:
1. Мамбетжунус Абылов.
2. Акылбек Айтбаев.
3. Айданбек Акматов.
4. Нурлан Асанбеков.
5. Бектур Асанов.
6. Марат Баязов.
7. Атай Бейшенбек.
8. Азимбек Бекназаров.
9. Эрлан Бекчороев.
10. Айбек Бузурманкулов.
11. Гүлнара Джурабаева.
12. Кеңешбек Дүйшебаев.
13. Равшан Жеенбеков.
14. Кубанычбек Кадыров.
15. Рита Карасартова.
16. Чынгыз Капаров.
17. Таалайбек Мадеминов.
18. Улукбек Маматаев.
19. Темир Махмудов.
20. Жеңиш Молдокматов.
21. Асия Сасыкбаева.
22. Клара Сооронкулова.
23. Суранова Перизат.
24. Али Шабдан.
25. Ильгиз Шаменов.
6. Талант Эшалиев .
2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар, парламент депутаттары жана блогерлер кирген. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, бийлик массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 27 адамды камакка алган. Учурда 8 киши тергөө абагында отурат.
Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары — Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now жана башкалар Кыргызстанда камакка алынган саясатчылар бошотуу чакырыктары менен бир нече жолу кайрылышкан.