Чүй облусунун Новопавловка айылында чоң атасы небересине бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00до болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Анын айынан жаш бала ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.