Эл жазуучу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылды

15:38, 13 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 13-июль күнү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көрүнүктүү кыргыз акыны, романчы, адабиятчы, жазуучу, сынчы, журналист, котормочу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрда өттү.

Жазуучу менен коштошуу зыйнатына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, акын- жазуучулар, коомдук ишмерлер жана туугандары катышты.

Самсак Станалиев 12-июнда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган.

Самсак Станалиевдин улуттук адабият үчүн кылган эмгеги бааланып 2020-жылы «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» ардактуу наамы ыйгарылган. Эл жазуучусу 74 жашта болчу.