Чүй облусунда дагы бир мыйзамсыз иштеген медресе жабылды

15:25, 13 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Васильевка айылынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү аныкталган.

Аталган медресени Ж.У. аттуу жаран уюштуруп, ал салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы болуп, 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген. Текшерүү учурунда медреседе атайын окуу программасы жок, жашы жете элек 33 бала билим алып жаткандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында материал электрондук маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп, медресе мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

УКМК басма сөз кызматы. Мыйзамсыз медресе жабылды

КР УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, буга байланыштуу ар кандай салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатканын белгилейт. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун (каттоосу, уруксат кагаздары жана лицензиялары, окуу планы ж.б. бар) текшерип алууну сунуштайт.