Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

09:26, 13 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.

Буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.