«Аккула» ат майданында чагылган тийип, бир киши көз жумду

08:32, 13 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Аккула» ат майданында чабандеске чагылган тийип көз жумган. Кырсыктан аны менен кошо аты да өлгөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ленин РИИБинен тастыкташты.

Фото

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Тез жардам бригадасы барган, бирок куткарып кала алышкан эмес.