11:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте Айт күнү эртең менен коомдук транспорттор элди бекер ташыйт

Бишкекте 16-июнь коомдук транспорттор элди бекер ташыйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет жол тыгындарын азайтуу максатында ошондой эле борбордогу жолдорду жана ага чектеш объектилерди реконструкциялоо иштерин эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы Курман айтта бардык жарандарга коомдук транспортто бекер жүрүүнү сунуштайт.

16-июнь күнү шаардыктар муниципалитеттин автобус жана троллейбустары менен саат 5.30дан 11.00гө чейин акысыз жүрө алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар