USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Баткенде 2 жаштагы кыз аёсуз сабалган. Өгөй атасы кармалды

10:47, 12 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды аёсуз сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика