19:41, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 32...37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 19...21°, күндүз 32...34° ысыйт.