08:46, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Чыгыш Африкадагы Малави өлкөсүндө вице-президент Саулос Чилиманы ташыган аскердик учак радардан жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, аткаминер менен дагы 9 киши болгон учакты издөө аракети башталды.
«Авиация бийликтеринин учак радардан жоголуп кеткенден бери аны менен байланышуу аракетинен азырынча майнап чыккан жок», — деп айтылат Малави президенттинин билдирүүсүндө.
Учактын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.17де борбор шаар Лилонгведен учуп чыкканы белгиленди. Учакты издөө-куткаруу иштери уланууда.