15:51, 10 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 10-июнда Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттнин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.
«Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз», — деди Арстанкулов.
Эскерүү «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.