ЖК комитети Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды

11:21, 10 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды.

Бүгүн, 10-июндагы жыйында депутаттар Жылдыз Полотованын дайындалышын бир добуштан колдошту. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн.

Эске салсак, ал 2014-2018-жылдары Эмгек министринин орун басары болуп иштеген.

Буга чейин аталган кызматты Гүлнара Баатырова аркалап келген, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.