10:46, 10 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көлдө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадага кабылган Ленинграддан 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп районундагы Ак-Булуң айылында өткөн иш-чаранын башталышы Токтогон Алтыбасарованын эстелигине гүлчамбар коюу жана бир мүнөт унчукпай туруу менен ачылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокадада калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алган Токтогон Алтыбасарованын салымы зор экендигин белгиледи.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.