Иранда президенттик шайлоого талапкерлерди тандоо аяктады

10:20, 10 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Иран Конституциясын сактоо кеңеши 28-июнга белгиленген Ислам республикасынын президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди тандоону аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Маалыматка ылайык, алты талапкер тандалып, алардын режимге берилгендиги, ошондой эле саясий, моралдык жана диний көз караштары текшерилди.

Президенттик жарышка катышуу укугун парламенттин (мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф, Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани жана Ислам Республикасынын Коопсуздук Кеңешиндеги руханий лидердин өкүлү Саид Жалили, депутат Масуд Пезешкян, Ирандын мурдагы прокурору Мустафа Поурмохаммади жана вице-президент Газизаде Хашеми алышты.

Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген. Шайлоого катышууга Кеңештин макулдугун алган талапкерлер 27-июнь саат 08.00гө чейин үгүт иштерин уланта алышат.

Эске салсак, Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жекшемби күнү, 19-майда тик учактын кулашынан каза болушкан.