Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду

19:44, 07 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду