Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесиндеги уланып жаткан кол салууларынын натыйжасында каза болгон палестиналыктардын саны 36 миң 731ге жетти. Бул тууралуу Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Соңку 24 сааттын ичинде Израил армиясы Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында 8 кыргын жасап, 77 палестиналык набыт болду. Мындан тышкары дагы 221 адам жаракат алган.
Ошентип, Израилдин 7-октябрдан бери уланган кол салууларында каза болгондордун жалпы саны 36 731ге, жарадарлардын саны 83 530га жетти, деп белгиледи Газанын Саламаттык сактоо министрлиги.
Каза болгондордун денелери дагы эле талкаланган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде калууда. Тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израил күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам аларга жете албай жатышат, деп кошумчалады департамент.