Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн эс алат

15:38, 07 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алышат.

Бул жылы Курман айт майрамы 16-июнь дем алышка күнгө туура келгендиктен, 17-июнь өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет.

Эске салсак, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Аталган майрамда айт намызы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардым берилет.