USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстандын үч университети дүйнөлүк рейтингдин тизмесине кирди

19:04, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын үч университети QS World University Rankings түзгөн дүйнөдөгү эң мыкты 1503 университетинен катарына кирди. Алар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1503 университетинен Кыргыз-Россия Славян университети — 851-900, Кыргыз-Түрк «Манас» университети — 901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду эледи.

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.

Бул жылы рейтингинде биринчи орунду — АКШдагы Массачусетс технологиялык институти, экинчини — Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү — Оксфорд университети ээледи.

Университеттер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланды:

— жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы

— жумуш берүүчүлөр арасында аброю

— окутуучулар менен студенттердин санынын катышы

— окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси

— чет өлкөлүк окутуучулардын катышы

— чет өлкөлүк студенттердин катышы

— эл аралык изилдөө тармагы

— жумушка орношуу көрсөткүчү

— туруктуулук

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика