14:40, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанга келген чет элдиктердин эң көп бөлүгү Өзбекстандын жарандары болуп саналат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы Кыргыз Республикасына эң көп орусиялыктар келген.
«Өткөн жылдан бери биз чет элдик жарандарды каттоо үчүн жаңы онлайн арыз берүү системасын демилгелегенбиз. 2023-жылдын май айынан декабрь айына чейин мындай каттоого 12 миңден ашык үй жана мейманкана ээлери кайрылган. Бул Россия Федерациясынан жана башка өлкөлөрдөн келген жарандардын агымынын көп болгондугун билдирет», — деди бөлүм башчы.
Мындан тышкары чет элдиктер Кыргызстанда 30, 60 же 90 күн жүрө алышат. 2024-жылдан тарта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жарандарына мамлекеттик чек арадан ички паспорт аркылуу өтүүгө уруксат берүү режими киргизилген.
Мурда Казакстан менен Россияга ID-карта аркылуу бара турган болсок, эми Өзбекстанга да ошол аркылуу бара алабыз",-дейт Максат Усубалиев.