02:44
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Депутат Шайырбек Ташиев тикенек менен күрөшүүнүн 3 жолун сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Суусамыр жайлоосундагы тикенектер менен күрөшүүнүн 3 жолун сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 6-июнда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү " Суусамыр жайлоосун алтыганат деген тикенектер басып кетти. Аны жок кылуунун 3 жолу бар экен. Алар химиялык, биологиялык жана механикалык ыкмалары. Химиялык жолу башка өсүмдүктөргө да зыян алып келиши мүмкүн. Ал эми биологиялык ыкмада дары чачуу аркылуу болгондуктан жаныбарларга да, зыянын тийгизет. Ошондуктан бир гана жолу механикалык — тикенекти казып алып, өрттөп салуу керек", -деп айтты.

Ошондой эле депутат Жаратылыш ресурстары жана Айыл чарба министрликтерине чет жактардан грант алуусун айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар