USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан — Малайзия футбол беттеши өтөт

12:22, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстан — Малайзия футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтөт.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.

2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун турнири алкагында өтө турган мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойношот.

Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.

Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика