07:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгып калганы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жыйындарына үзгүлтүксүз катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден мандат алып иштеген күндөн баштап 4 жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли ал башкысы эмес фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта берем«,-дейт Айдарова.

Эске салсак, кечээ «Бүтүн Кыргызстан» депутат Айгүл Айдарованы аталган фракциядан чыгарганын фракция лидери Исхак Масалиев билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар