6-июнга карата аба ырайы

18:43, 05 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 6-июнга караган түнү Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30,

Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +30...+32 градус нөлдөн жогору.