ШКУнун самммити 3-4-июлда Астанада өтөт

17:50, 05 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Быйыл 3-4-июлда Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Бул тууралуу Казакстан президенттинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин кеңири чөйрөсүн карашат.

Мындан тышкары форумга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Беларус, Монголия жана Ооганстан дагы байкоочулар болуп саналат.