Белгилүү «Goal» басылмасы футбол боюнча башкы жеке сыйлыкка талапкерлердин рейтингин жаңылады. Алгачкы төрт орунду «Реал Мадрид» клубунун оюнчулары ээлешти
Европа футболундагы клубдук сезон аяктагандан кийин «Реалдын» чабуулчусу Винисиус Жуниор «Алтын топ» сыйлыгына негизги талапкер бойдон калды. Мадриддик клубдун жаңы жылдызы Килиан Мбаппе көптөн күткөн трансферинен кийин рейтингде бир позициясын жоготту.
«Алтын топ» сыйлыгына эң мыкты 20 талапкер:
Винисиус Жуниор (Реал Мадрид).
Жуд Беллингем (Реал Мадрид).
Тони Кроос (Реал Мадрид).
Килиан Мбаппе (Реал Мадрид/ПСЖ).
Филипп Фоден (Манчестер Сити).
Гарри Кейн (Бавария).
Флориан Виртц (Байер Леверкузен).
Родри (Манчестер Сити).
Родриго (Реал Мадрид).
Антонио Рюдигер (Реал Мадрид).
Эрлинг Холанд (Манчестер Сити).
Букайо Сака (Арсенал).
Деклан Райс (Арсенал).
Кевин Де Брюйне («Манчестер Сити»).
Лионель Месси («Интер Майами»).
Бернардо Силва (Манчестер Сити).
Антуан Гризманн (Атлетико Мадрид).
Матс Хуммельс (Боруссия Дортмунд).
Мохамед Салах («Ливерпуль»).
Лаутаро Мартинес («Интер»).