16:20, 05 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине фракциясынын лидери Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымынында, депутат Айдарова фракциянын көптөгөн жыйындарына катышкан эмес жана анын пикири фракциянын саясатына дал келбейт.
«Эгер ага эркиндик керек болсо, биз депутатты фракциянын катарынан чыгардык. Аны биздин фракция менен байланыштырбоону өтүнөбүз. Анткени биз үчүн добуш берген шайлоочулар депутаттын жүрүм-турумуна нааразы. Ошондой эле, ачык айтылбай турган ички маселелер да бар», — деди Исхак Масалиев.
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын төрт мүчөсү бар, алар — Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Эмил Токтошев жана Алишер Эрбаев.