15:18, 05 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу боюнча операциялар келерки аптада жасалышы пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, алар кыргыз-түрк «Достук» клиникасында өткөрүлөт.
«Ал жерде төрт бейтап бар, алар толук текшерүүдөн өтүп, Түркиядан келген адистер менен кеңешип, макулдук беришкен. Бүгүн дарыгерлердин биринчи тобу келет. Алар клиника жана операцияларга даярдыктар менен таанышат. Профессорлор жана башка дарыгерлер 9-июнда келип, боорду алмаштыруу боюнча биринчи операцияларды 10-11-июнда жасоо пландалууда», — деди ал.
Министр кошумчалагандай, бейтаптар үчүн операция бекер болорун, анткени бардык чыгымдарды президент Садыр Жапаров көтөрөт.