Жогорку Кеңешке башкы прокурордун талапкерлиги сунушталды

09:50, 05 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын башкы прокурорлугуна дайындоо боюнча Максат Асаналиевдин талапкерлигин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке макулдук алуу үчүн сунуштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Азыр Максат Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мамлекет башчынын Жогорку Кеңештин төрагасына жолдогон каты таркап кеткен. Ички документтин ачыкка чыгып кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы айтылды.