USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

ЖК комитети Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

16:12, 04 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот — укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бүгүн, 4-июндагы жыйынында башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, жактырылды.

Комитет жыйынына Курманкул Зулушев өзү келген жок. Маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика