Бүгүн кыргызстандыктар планеталар парадын көрө алышат

16:47, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-июнда Күн системасында 20 жылда бир болуучу жерден башка бардык планеталары Күндүн бир тарабында жайгашуусун көрө алышат. Анда алты планета — Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун бир катарга тизилет.

Маалыматтар боюнча, планеталардын төртөө (Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн) оңой көрүнүп, ал эми Уран менен Нептунду көрүү үчүн атайын оптика — телескоп, же күчтүү дүрбү керек болот.