USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Криштиану Роналду «Аль-Наср» клубунун кетеби? Расмий билдирүү

14:47, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Сауд Аравиясынын «Аль Наср» командасында 1,5 сезон ойногон Криштиану Роналду келерки сезондо командада калабы деген суроонун жообу келди.

Баардыгынын бүйүрүн кызыткан маселе боюнча «Аль Наср» клубу билдирүү жасады.

«Аль Наср» клубунун башкы машыктыруучусу Гидо Фиенго Роналдунун келечеги тууралуу: «Роналдонун каны азыр сары болуп агып жатат. Ал кийинки сезонду биз менен улантат» деп айтты.

Эске салсак, бул сезондо «Аль Наср» менен кубок утуп албаса да, Роналду 45 матчта 44 гол киргизген жана 13 пас берип, мыкты сезон өткөрдү. Роналдунун Сауд Арабия командасы менен келишими 2025-жылы аяктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика