14:15, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Көпчүлүк сүйүп окуган «Литературный Кыргызстан» журналынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу билдирүү жасалды. Бул тууралуу басылманын Фейсбук баракчасында жазылууда.
Маалыматка ылайык, журналдын редакциялык кеңешинин жыйынында башкы редактор Александр Иванов жана анын орун басары Светлана Суслова кайрылуу жасап, мындай чечимдин себептери адабий турмушка жаш жана жаңы чыгармачыл күчтөрдүн агымынын жоктугу, журналдын басма сөзүнө окурмандардын кызыгуусунун төмөндөшү, уюштуруучулардын өздөрүнүн ден соолугунун начарлашы айтылды.
Авторлордун айтымында, белгилүү жазуучуларга «Литературный Кыргызстан» журналын жетектөө сунушу түшкөн, бирок алар баш тартышкан.
Александр Иванов менен Светлана Суслова редколлегия мүчөлөрүнө көп жылдык биргелешкен эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, журналдын активдүү авторлору жана ишенимдүү окурмандары да эбегейсиз ыраазычылыкка татыктуу экенин белгилешти.
«Совет мезгилинде журнал мамлекет тарабынан каржыланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана комсомолдун Борбордук Комитетинин органы болгон. Бардык субсидиялар жоюлгандан кийин биз бул жүктү өзүбүзгө алдык. Ал эми бүгүн биз жалпы журналдын бар экендиги жөнүндө эмес, биздин ЖЧКнын басма материалдарын басып чыгарууну токтотуу жөнүндө гана сөз болуп жатат», — деп билдиришти.
«Литературный Кыргызстан» журналынын электрондук версиясын түзүү жөнүндөгү маселени талкуулоого редколлегия мүчөлөрүнө сунушталды.
Эске салсак, «Литературный Кыргызстан» — 1955-жылдан бери Бишкекте орус тилинде чыгып келе жаткан адабий-көркөм жана коомдук-саясий журнал.