08:06, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 3-4-июнунда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.
ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету каралат.