14:15, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 1-июндан тарта Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин ысык суунун 1 гигакалориясы үчүн калк 1120 сом төлөсө, эми 1560 сомдон төлөм жүргүзүшөт.
Ал эми жылуулуктун буга чейин 1 гигакалориясы үчүн баа калкка 1248 сом болчу. Өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.
Министрлик 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын белгиледи.