13:15, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg
1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чаралардын программасы:
— саат 10:00-15:00гө чейин Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында улуттук спорт оюндары, чуркоо мелдештери, атайын бий өнөрлөрү, асфальтка сүрөт тартуу жана башка оюн-зооктор өткөрүлөт.
— саат 17:00дө А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда балдар арасында Эл аралык жеңил атлетика түрү боюнча турнирдин ачылыш аземи болот. Иш-чара Кыргызстандын белгилүү ырчылары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.
— саат 13:00дө Бабур театрында «Raxsana в стране чудес» аталышындагы бий спектакли тартууланат. Кирүү акысыз.