БШК: Үч округ боюнча депутаттыкка 44 талапкер көрсөтүлдү

11:18, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg

№ 5 Ноокат, № 36 Ысык-Көл, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Талапкер катары үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 жаран арыз берген. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

— № 5 Ноокат округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 1 аял,

— № 36 Ысык-Көл округу боюнча — 20 талапкер,

— № 29 Свердлов округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 2 аял