10:12, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Нью-Йорктун калыстар тобу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоо алдында мурдагы порноактриса Сторми Дэниэлске төлөмдөрдү жашыруу үчүн бизнес документтерди бурмалаганы үчүн күнөөлүү деп тапты. АКШнын тарыхында биринчи жолу экс-президенттин кылмышка күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жалпысынан ага 34 берене боюнча айып тагылган. Калыстар аны бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Жазаны судья Хуан Мерчан 11-июлдагы атайын отурумда аныктайт.
Сот залынан чыккандан кийин Трамп журналисттерге калыстар тобунун өкүмү аягына чыкпай калганын айтты. «Биз күрөштү улантабыз, акырына чейин күрөшөбүз жана жеңебиз. Анткени биздин өлкө тозокко айланды», — деди экс-президент.