USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартуу менен күрөшүү күнү

08:51, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартуу менен күрөшүү күнү.

Жыл сайын 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү белгиленип, тамеки чегүүнүн ден соолукка тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү жана адамдарды тамекини таштоого үндөө максатында белгилип келет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) жетекчилиги астында уюштурулган бул жылдын темасы «Балдарды тамеки өндүрүшүнүн кийлигишүүсүнөн коргоо» болууда.

Жылына дүйнө жүзү боюнча 6 миллионго жакын адам чылым чеккенине байланыштуу көз жумарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иликтеп чыккан.

Кыргызстанда соңку жылдарда 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым тартуу азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика