13:07, 30 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров студенттерге жол кирени арзандатууну сунуштады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 30-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү «Өткөн жумада студенттер менен жолугуштум. Алар Бишкектин 20 сом жол киреси оор болуп жаткандыгын айтышты. Биздин учурда «студенттик жол кире» деген бар эле. Мен мэрияга ошол мурдагы студенттик жол кире системасын сунуштайт элем. Мына чоң-чоң автобустар келди. Ал эми баасын кандай койот өздөрү чечсин. Бирок студент деген студент акчасы деле жок, ага биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек», — деди.
Ошондой эле депутаттын айтымында, борборго аймактардан келген студенттер ички авиабилеттерге жеңилдик берүүнү суранышууда.