Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Ош — Стамбул аба каттамын тез арада калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
«Азыр Европанын бардык булуң-бурчтарынан, АКШдан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Кыргызстанга учуп келишет. Америкада эле 50-60 миң кыргызстандык бар. Алар Бишкекке 20 сааттай учуп келерин айтышты. Андан кийин борборубузда Ошко которуу үчүн 3-4 саат күтүшөт. Мындан тышкары түштүк борбордон Стамбулга бир гана мекендештерибиз эмес, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары да учуп келишкен», — деди депутат.