11:38, 30 мая 2024, Бишкек - 24.kg
Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду 2024-жылы дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу экенин Forbes басылмасы жазып чыкты. Тарыхта биринчи жолу алдыңкы ондуктун ар бири жылына 100 миллион доллардан ашык киреше табышкан:
1. Криштиану Роналду (футбол, 39 жаш), 260 миллион доллар;
2. Жон Рахм (гольф, 29 жаш), 218 миллион доллар;
3. Лионель Месси (футбол, 36 жаш), 135 миллион доллар;
4. Леброн Джеймс (баскетбол, 39 жашта), 128,2 миллион доллар;
5. Джаннис Антетокунмпо (баскетбол, 29), 111 миллион доллар;
6. Килиан Мбаппе (футбол, 25 жаш), 110 миллион доллар;
7. Неймар (футбол, 32), 108 миллион доллар;
8. Карим Бензема (футбол, 36 жаш), 106 миллион доллар;
9. Стивен Карри (баскетбол, 36 жаш), 102 миллион доллар;
10. Ламар Джексон (америкалык футбол, 27 жашта), 100,5 миллион доллар;