Өкмөт өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгууда

10:30, 30 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бүгүн биз алдыда аткарыла турган көп иштердин босогосунда турабыз — 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну баштап жатабыз, бул программанын алкагында алдыдагы 6 жылда биз кайсыл жакка кантип бара турганыбызды аныктайбыз», — деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.

Отурумдун соңунда Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык министрликтерине жана ведомстволоруна, ошондой эле президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө мамлекетти 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.