08:02
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Баасы 1 млрд сомдон ашык жер аянты мамлекетке кайтарылды

Бишкекте баасы 1 млрд сомдон кымбат болгон 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган.

Бирок ал участоктун ошол кездеги базар баасы 2 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар