Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет

15:22, 29 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Быйыл Курман айт 17-июнда белгиленет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш катары бекитилген.

Курман айт дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат.

Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып беришет.