ӨКМ: Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн

12:29, 29 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-30-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.